7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көздөрү жакшынакай экен». Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы ыңгайсыз абалга туш болгонун жазды

2041

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы инстаграм баракчасына «Көрсө жашоодо түшүнүшбөстүктөр болуп турат экен. Кээде ак жериңден бирөөгө жаман көрүнүп калат экенсиң. Менимче бул окуяда менин такыр күнөөм жок деп ойлойм»,- деп башынан өткөн окуя менен бөлүштү.

«Тойго барсам диванда кыз-жигит олтурушкан экен. Мен жар-жар менен алып кирейин деп тургам. Тиги жигит улам эле жылмайып мени карайт. Көздөрү жакшынакай экен. Мен дагы жылмайып карап койдум, ар дайымкадай эле. Ким мага жылмайса, мен да ага карап жылмайып коё берем. Башка эч кандай жаман оюм жок. Өзү деле менден бир кыйла кичүү бала экен. Бир маалда жанында олтурган кызы байкап калды окшойт, мени жаман көзү менен карап баштады. Ыңгайсыз боло түштүм, анткени эч кандай жаман оюм жок эле…Көрсө жашоодо түшүнбөстүктөр болуп турат экен», — деп жазып чыккан ырчы айым өзүнүн баракчасына.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2042