7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабарлар маалымат агенттиги Үмүт Мукамбетованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

523

Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.

Кийинчерээк «Кабарлар» маалымат агенттиги директору Үмүт Мукамбетованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анда эки апта бою агенттиктин сайтына хакердик чабуул жасалганы, 2 күн мурда бир нече адам айрым саясатчылардын дарегине карата негативдүү маалыматтарды жазбоо талабын да коюшканын айтты.

«Андан кийин Аскар аттуу жаран “Кабарлар” маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетовага кайрылып, ага журналисттер менен маалымат жыйын уюштуруп берүүнү өтүнгөн. Ал патрулдук милиция кызматкерлерине кармалгандыгына байланыштуу кырдаалды айтып берүү үчүн маалымат бергиси келгенин айткан.

Аскар буга чейин бир нече маалымат каражаттарына маалымат жыйын уюштурууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми Үмүт Мукамбетова аты аталган жаран менен тааныш болгондуктан маалымат жыйын уюштурууга жардам берүүгө макул болгон. Иш-чараны «Жаннат» мейманканасында өткөрүү үчүн Аскар 20 миң сом берүүнү убада кылган.

Биздин агенттик муну саясий буйрук жана маалымат агенттигинин беделин түшүрүүгө багытталган максаттуу уюштуруу деп эсептейт», — дешет мекемеден.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524