7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда сел жүрүп бала бакчаны жана турак үйдү каптады

906

Бүгүн, 18-майда Кадамжай районунда кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары бала бакча жана турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Кадамжай районунун Орозбеков көчөсүндөгү РИИБнүн имаратынын жертөлөсүнө жана Зведная көчөсүндө жайгашкан өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн огород участкасына кирген.

Ошондой эле, Кадамжай шаарынын Звездная көчөсүндө жайгашкан «Солнышко» балдар бакчасынын, лицей жана бир турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.

«Тазалоо иштерине 2 бөлүмдө 6 куткаруучу жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат»,-деп берилет билдирүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

907