7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда баштыктан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды

1434

Кадамжайда жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 7-каналга Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-март күнү саат 18:00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну малын багып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан бир баштык таап, ичин караганда, ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ал милицияга кабар берген.

Кадамжай РИИБдин жетекчиси ыкчам-тергөө тобу менен аталган жерге барып, баштыкта жаткан жансыз ымыркай ак материалга оролгондугу аныкталган. Ошондой эле ымыркай менен кошо сумканын ичинен MI Bend 4 кол сааты табылган. Бул фактыны Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттап, жансыз денеге экспертиза дайындалды. Азыркы күндө ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1435