7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда жол кырсыгына кабылган унаадан ок атуучу курал менен баңгизат табылды

820

Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган унаадан ок атуучу курал менен баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Анкур-Сай участкасындагы “Ош-Баткен-Разаков” жолунун 126 чакырымында жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгына ыкчам тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп жаткан учурда, “Деу Нексия” үлгүсүндөгү автунаасы келип, ичинен эки жаран түшүп, бул жол кырсыгына кабылган автоунаа бизге караштуу деп билдиришкен.

Бул жарандардын кыймыл-аракетинде шек санаткан белгилер бар болгондуктан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, жогорудагы автоунаасынын бардочогунан “ПМ” үлгүсүндөгү тапанчасы эки кутучасы (магазин), 16 даана огу жана болжол менен баңгизатка кирген бир даана синтетикалык зат табылып алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун тургуну 27 жаштагы Ю. Ф. М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

821