7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайлык 23 жаштагы келин даагы деле дайынсыз

739

12-март Кадамжай районундагы Учкун айылынын тургуну Одина Косимова милицияга кайрылып, 23 жаштагы келини дайынсыз болуп жатканын айткан.
Келин 2-март күнү саат 08:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Акыркы көргөн кишилер «Ош шаарына барам» деп жүргөнүн айтышкан.
Белгилери: 1998-жылы туулган, бою 155-160 см, бети тегерек, ак жуумал, кашы, көзү кара, чачы күрөң түстө. Орто дене түзүлүштө, акыл-эси соо, үстүңкү 2 тиши жок.
Кийген кийимдери: үстүндө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, кара түстөгү жинсы шым, бутуна кара түстөгү кышкы бут кийим.
Гүласалхонду көргөн-билгендер болсо 0704276416 телефонуна кабарлап койсо болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740