7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадастрдын Ош филиалынын башчысынын орун басары кармалды

159

Кадастр ишканасынын Ош филиалынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу филиалынын башчысынын орун басары Ш.К.С. жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн жалпы аянты 55,36 гектар жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү жана трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.К.С. мыйзамда белгиленген тартипти бузганына карабастан, айрым кызмат адамдары менен кутумга барып, 55,36 гектар аянттагы жер участогунун максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт түзгөнү аныкталган.

2025-жылдын 20-ноябрында Ош шаардык соту Ш.К.С.ны КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.

160