7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кафедеги жуугуч каражаттан наристенин оозу күйүп калды

637

Бишкектеги кафелердин биринде кардардын 2 жашар баласы жуугуч каражатты ичип алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу 7-каналга Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү саат 00:01 чамасында милицияга Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынан «ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн химиялык күйүк» диагнозу менен 2021-жылы туулган У.А. аттуу бейтап тууралуу маалымат түшкөн.

Апасы баласы менен 4-мартта саат 12:00дөр чамасында шаардагы соода борборлорунун биринде болгондугун жана андагы кафедеги столдо суюктук турганын, уулу аны бир ууртап жетишкенин айткан. Ошол замат баланы кустурууга аракет кылган, бирок бир нече сааттан кийин анын абалы начарлап, азыркыга чейин ооруканада.

Бул факты каттоого алынып,  бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638