7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КамАЗ-Вахтовка унаасы жол кырсыгына кабылып, ырчы Нурчолпон оор жаракат алды

5806

Кечээ 29-мартта Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан аскер каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Нурзат Ажыгожоева аттуу аскер кызматкери каза болгон. Маркумдун артында 3 баласы калды.

 

 

Ал эми аталган кырсыктан ырчы Нурчолпон дагы жабыркагандыгын ал инстаграм баракчасы аркылуу билдирди. Нурчолпон кырсыкка кабылгандан кийин жабыркагандарды Кара-Балта шаарындагы оорукананын коридорунда жатканын айтты.
«Бизди Кара-Балтанын ооруканасына алып келип коюшту, коридордо жатабыз. Госпиталга алып кетише элек, бизге өз убагында тез жардам көрсөтө албагандыгы өкүнүчтүү болуп жатат», — деген ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө. Кийинчерээк ырчы дагы билдирүүлөрдү жарыялап, анда «Тез жардам» кызматындагылар жолдон токтоп, тамактанып алалы дешкенин, жабыркагандар жеке унаалары менен ооруканага барайын десе, унаадан чыгарбай жатканын кошумчалаган.  Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, айдоочу унаанын рулун башкара албай калган.

Бул арада ӨКМнын басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайын айтышты.
«Такталган маалымат боюнча, саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5807