7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча Казакстандан жумушчу топ келет

1877

17-декабрда өлкөгө «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет. Бул тууралуу Акылбек Жапаров 10-декабрда Коомдук каналдагы маегинде билдирди.

«Казакстандагы эл аралык финансылык борбордун жана казак өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү «Камбарата-1» ГЭСин куруу боюнча президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келе жатышат. Өзбекстан өкмөтү менен «Камбар-Ата-1дин» ТЭО (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштеп чыгып жатабыз. Казакстандык кесиптештер келсе алар менен дагы ТЭОлордун баарын иштеп чыгып, бир финансылык моделге келебиз, эмдиги жылдан тарта кура баштайбыз. Акчаны ким, кантип таап келет, үлүшү канча болот муну биз карап жатабыз. Кайсы принциптер менен курулат, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан тарапта эмне болот дегенди президенттер өздөрү ич ара чечип алса болот. Биздеги болгон ресурсту чогуу пайдаланышыбыз керек экенин быйылкы жай көрсөттү. Суу аябай тартыш болду, аны бүт мамлекеттер түшүндү. Биз Нарын суусу, кийин Сырдарыя болуп өтүп кеткен суунун 1,5% эле өзүбүзгө колдонобуз. Калган суунун бардыгын кошуналар колдонот. Ошондуктан алар дагы өз ыктыярлары менен кошо иштешели деп жатат. Биз ошол долбоорду эмдиги жылы жылдырабыз», — деди өкмөт башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1878