7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаев үчүн өч алууну көздөгөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

512

Массалык башаламандыкка чакыруу боюнча шектүү катары УКТнын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жоюлган Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (1997-ж. редакциясы, Адам уурдоо) менен, 2022-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон «Огуз» каймана аты бар 1988-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды.

Кармалган Б.Э.Б. социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу, жок кылынган К. Асанбек үчүн өч алуу ниетинде, массалык баш аламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран КР Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

513