7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Баткенде мамлекеттик ипотекалык үйлөрдун курулушуна мезгил кутусун салды

392
Бүгүн, 12-октябрь күнү, Камчыбек Ташиев Баткен шаарында мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп баштаган көп кабаттуу үйлөргө мезгил кутусун салды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, бир топ маанилүү маселелерге токтолду:
«Урматту Президентибиздин тапшырмасынын негизинде, Баткен шаарына көп кабаттуу, заманбап үйлөрдун курулушун башталды. Президентибиз бул долбоор үчүн каражатты камсыздап берди жана мени ал каражаттарды уурдатпастан, талап-тонотпостон өз максатында пайдаланууну көзөмөлгө алууну милдеттендирди. Баткен шаарындагы бул курулуштар дагы менин жеке көзөмөлүмдө болот жана мен эч кимге элибиздин бир тыйынын дагы уурдатпаймын. Буюрса, бул үйлөр жарандарбыздын турак-үй менен камсыз болушу жана чет жактарда үй аламын деп кыйналып жүргөн мекендештерибиздин кайтып келиши үчүн өбөлгө болот деп ишенебиз. Кудай буюрса, Баткен шаарын толугу менен кайрадан куруп чыгабыз. Заманбап, көрктүү жана жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын бирине айлантабыз…» — деди.
Камчыбек Ташиев андан соң курулуш иштеринин жүрүшү менен жекече таанышып чыкты.
Баткен шаарында жакынкы жылда жалпы 5000 батир куруу пландалган. Учурда 2366 батирдин курулушу башталды.
Баткен шаарындагы «Асман резиденс 1» турак жай комплекси 12 кабаттан турган үйлөрдөн жана балдар бакчасы, жер астындагы унаа токтотуу жайы жана күнүмдүк тиричилик үчүн зарыл болгон бардык шарттарды камтыйт. Мындан сырткары жакынкы аралыкта «Асман Резиденс 2» турак жай комплексинин курулушу башталат.
393