7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Бек-Абад чек ара өткөрмө пунктуна барды

724

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Бек-Абад чек ара өткөрмө пунктуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү жана постту ачууга даярдыктар менен таанышты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толук аныкталып бүткөндөн кийин, эки өлкөнүн ортосундагы бир нече өткөрмө постторду ишке киргизүү макулдашылган. Анын ичинде Жалал-Абад облусунан 6, Оштон 3 чек ара өткөрмө постту ачылуусу күтүүлүүдө.

«Бек-Абад» чек ара посту жөө адамдарды жана унааларды өткөрүүгө ылайыкталууда. Кирип чыккандарды каттоо үчүн жалпы алты терезе орнотулуп, күнүнө 7-8 миң кишини тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

«Бек-Абад» чек ара өткөрмө пункту Жалал-Абад облусун Өзбекстандын Андижан облусу менен бириктирет. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 15 чек ара өткөрмө бекеттери бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725