7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев чек арачыларга жаңы батирлерди тапшырды

414

Бүгүн, 17-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында жайгашкан УКМК караштуу Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгында чек арачыларга 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берди.

Камчыбек Ташиев чек арачыларга ачкычатарды тапшырып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Мамлекетибизде урматтуу президентибиздин тапшырмасы менен ушул сыяктуу курулуштар, аскерлердин жашоо шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да кызуу уланат. Ошол эле учурда, аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт. Өз милдеттериңерди так жана берилгендик менен аткарышыңар керек…» — деди Ташиев.

Батирлердин бир бөлүгү өкөнун күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана башка ведомстволордун кызматкерлери үчүн бөлүнгөн.

Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп тузөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды. Анда, кызмат үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Иш бөлмөлөрү, окуу бөлмөлөрү, жатаканалары, мончо, ашкана, спорт зал, спорт аянтчалары, автопарк жана башка бардык шарттар камсыздалган. Аймак толугу менен жашылдандырылып, кызмат өтөө үчүн эч кандай кемчилдик калтырылган эмес.

Имараттар тапшырлыган соң, Камчыбек Ташиев чек арачылар үчүн алынган 25 жаңы атайын аскердик техникаларды да тапшырды. Заманбап үлгүдөгү унаалар, куралдуу аракеттер үчүн негизделген жана алар өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө таратылууда.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлер үчүн Куран окулду. Алар үчүн жасалган эстелике гүл коюлду.

415