7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунун абалы менен таанышты

628
Бүгүн, 22-июлда, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы бүгүнкү абал менен таанышты.
Жеринде Камчыбек Ташиевге Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев маалымат беришти.
Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда иштин жай жүрүп жатканын белгилеп, октябрь айынын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүү милдетин койду.
Иш сапардын алкагында Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын арыз, сунуштарын укту. Маселелерди чечүү жагын жана жол курулушунун сапатын өз көзөмөлүнө алаарын айтты.
Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, жетекчилерди таза иштөөнү, коюлган тапшырмаларды так аткарууну белгиледи . Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.
629