7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтотот

550

Канаданын өкмөтү Орусиядан чийки мунай импорттоону токтотот. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Канада Москванын Украинага кол салганына байланыштуу Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун жарыялаган “Чоң жетиге” кирген биринчи мамлекет болуп калды. Мындан тышкары Канада Украинанын армиясына танкка каршы курал-жарактарды жана ок-дары бере турганын билдирди.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусиянын бир катар банктарына жана президент Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров баштаган расмий жетекчилерге санкция жарыялаган.

Эске салсак, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал 24-февралдын таңында тутанган. Тагыраагы, Орусиянын лидери Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп сыпаттады. Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын жана бул аргасыздан жасалган чара экендигин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551