7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канат Сагымбаев: Камчыбек Ташиевдин бул аракетин колдоп жардам беришибиз керек

310

 Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев чек ара маселеси боюнча пикирин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Чек ара маселеси эң орчундуу маселе жана аны чечүү үчүн көп убакыт талап кылынаарын баардыгыбыз жакшы билебиз. Камчыбек Ташиев ден соолугуна карабай маселени көзөмөлдөп, жеринен чечкени аракет кылганы өтө жакшы көрүнүш. Алмазбек Атамбаевдин чоң державалардын жетекчилери менен тең ата сүйлөшө алгандыгын жанынан көрүп жүргөн жансакчысы катары айтаар элем, коңшу мамлекеттердин башчыларынын алдында бөжөңдөбөй, башты бийик көтөрүп сүйлөшө билген гана жетекчи ийгилик жарата алат! Четтен карап сындабай Камчыбек Ташиевдин бул аракетин колдоп жардам беришибиз керек! Бийликтин күчү элде, элдин күчү ушундай чыгаандарда!» — деп жазып калтырды Канат Сагымбаев.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

311