7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Буура районунда баңгизат ташып кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды

904

Кара-Буура районунда мыйзамсыз баңгизатын ташыгандыгы боюнча кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура райондук сотунун 2023-жылдын 30-январындагы өкүмү менен аталган райондун 4 тургуну, 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды. Алар мурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 11 килограммга жакын 3 кап баңгизатын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган.

Кара-Буура районунун тургундары Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, 2022-жылдын 3-февралында Казакстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын «Аманбаев» тилкесинде баңгизатын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдө бул кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденип, аларга карата айыптоо өкүмү чыгарылган.

«Атап айтканда, А.М.А. 12 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом айып салынган. Мурда анын УКМК кызматкерлерине пара катары сунушталган 2 млн 745 миң сом акча каражаты жана 2 миң АКШ доллары мамлекеттик бюджетке алынган. Айыпталуучулар К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

905