7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көлдө жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөн 4 жигит кармалды

656

Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү саат 05.00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканын кабарлаган.

Бул окуя маалыматтардын электрондук журналына «Өрт кырсыгы» болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө топтолгон материал Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза Кодексинин 216-беренесинин негизинде (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр 2002-жылкы С.Б., 2004-жылкы А.Н., 2004-жылкы К.Н. жана 2005-жылкы А.А. балатыны күйөбү же жокпу деп ойноп от жагып, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657