7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 “Кыргызкөмүр” ишканасы жеке айдоочуларды кызматташууга чакырат

171

“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган социалдык көмүр кампаларында көмүрдүн тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасы билдирди.

Анда элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө.

Бул багытта Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Мындай чара көмүр запасын өз убагында жана толук көлөмдө толуктоо, базардагы бааларды турукташтыруу жана калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык баада көмүр менен камсыз кылууга багытталган.

 “Кыргызкөмүр” ишканасы элге арзан көмүр жеткирүү максатында  жеке айдоочуларды  кызматташууга чакырат.

Социалдык базалар толук көмүр менен камсыз болгондон кийин, жеке ташуучулардын иши кадимки тартипте улантылат.

 

172