7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда 10 адамдын өмүрү кыйылган жол кырсык. Кылмышка шектүү 8 жылга эркинен ажыратылды

691

Кара-Суу райондук сотунун 17-марттагы өкүмү менен Кара-Суудагы жол кырсыкка себепкер болгон делген айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү үч жыл мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 7-декабрынан тартып эсепке алынат. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Шектүү жабырлануучуларга моралдык зыян төлөйт.

Эске салсак, 16-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 660-чакырымында жол кырсыгы катталган. Кара-Суу районунун тургуну — 1986-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц, Кара-Кулжа районунун 35 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Дэу Нексия унаалары Өзгөн багытын карай бара жаткан. Бул учурда Ош шаарын көздөй келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, аталган унаалар менен кагышкан. Кичи автобусту Кара-Суу районунун тургуну — 28 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Ал Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча жүргүнчү ташып иштеген. Кырсыктын кесепетинен 7 адам окуя болгон жерде көз жумса, 3 адам ооруканада каза болгон. Дагы 13 адам ооруканага жеткирилген.

Аталган факты бирдиктүү рестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жогорудагы каза болгон он жаран Мерседес-Бенц Спринтер-313 үлгүсүндөгү эл ташуучу Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча 340-каттамдагы кичи автобустун жүргунчүлөрү болушкан. Мерседес-Бенц Спринтер-313 үлгүсүндөгү ташуучу Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча 340-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу соттук-автотехникалык экспертизасынын 2021-жылдын 2-декабрындагы чыгарылган корутундусуна ылайык, жол кыймылынын эрежелеринин 11.1-пункт талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692