7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда 36 жаштагы келиндин жансыз денеси сандыктан табылды

1676

Кара-Суу районунда оор кылмышка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун тургуну З.А., аттуу аялдын өзү жашап жаткан үйүнөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы аял өзү жашап жаткан үйүндөгү сандыктын ичине катылып коюлган жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Алдын ала маалымат боюнча, кармалган 49 жаштагы жаран мурда Казахстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашашканы айтылууда.

Кечээ, 14-декабрь күнү шектүү Өзгөн районунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1677