7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 6 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктоого шектүү жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

1265

Кара-Сууда 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы жана анын ден соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген.

Натыйжада Ош облустук сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, шектүүгө карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1266