7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда кош жарандуулугу бар депутат мандатын тапшырды

929

Кош жарандуулук жана жасалма диплом боюнча билдирүүлөр президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Ош шаары жана облусу боюнча өкүлчүлүгүнө да келип түшүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн кызматкери Сулайман Усенов билдирди.

Анын айтымында буга чейин Кара-суу районуна караштуу айыл аймактардын бириндеги айылдык кеңештин депутатынын кош жарандуулугу тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдөн кийин депутат өз калоосу менен мандатын тапшырып берген.

Бирок, Усенов ал кайсы айылдык кеңештин депутаты экендигин ачыктаган жок. Ошондой эле, Антикоррупциялык ишкердик кеңешине диплому жасалма болушу мүмкүн деген мамлекеттик кызматкерлердин аты-жөндөрү тууралуу маалыматты билдиргендер дагы болуп, бирок кызмат бул сыяктуу билдирүүлөрдүн баарын УКМКга жөнөтөөрүн кошумчалады.

УКМК бүгүнкү күндө 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогун текшерүүгө алынгандыгын кабарлаган. Андан сырткары 73 мамлекеттик кызматкер, 25 Жогорку окуу жайлары жасалма диплом ишине байланыштуу шектелип жатышкандыгын жарыялаган.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жасалма дипломун текшерүү февраль айында башталган. Дагы 3 ай ичинде толук текшерүү иштери уланып, андан соң, иш сотко жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930