7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда мыйзамсыз курулуп жаткан туристтик борбордун иши токтотулду

159

Кара-Суудагы мыйзамсыз курулуп жаткан туристтик борбордун иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Учурда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Кара-Суу шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө.

Иш-чаранын алкагында Талдык айылында курулуп жаткан туристик эс алуу борбору текшерилип, объект реестрге катталбагандыгы аныкталган. Курулуш иштери «Барселона групп» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Натыйжада, Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча 200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилип, курулуш иштери токтотулду. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү аркылуу курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыздоону улантат.

160