7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда салык кызматкерлери кармалды

708

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-декабрда Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы салык кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Салык кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан»,- деп берилет билдирүүдө.

УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

709