7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууга жаңы “Ак-Буура” чек ара заставасы курулат

240

Министрлер кабинети жаңы Ак-Буура чек ара заставасын куруу үчүн Ош облусунун аймагындагы жер тилкесин которууну (трансформациялоону) бекитти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон буйрукка ылайык, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан 1,92 гектар жер тилкеси «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлерге» классификацияланууда.

Мындай чечим президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кара-Суу райондук администрациясынын пикирлерин эске алуу менен кабыл алынды.

Жергиликтүү бийлик органдарына жер тилкелерин өзгөртүү, шаар куруу документтерин мыйзам чегинде иштеп чыгуу жана бекитүү, курулуш иштерин жүргүзүүдө санитардык, экологиялык жана сейсмикалык нормалардын сакталышын камсыздоо тапшырылды.

Андан сырткары, эгерде ал жерден тарыхый-маданий мурастар табылса, аларды мыйзам чегинде сактап калуу талап кылынат.

241