7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда жалпы 43 окуучу ууланып, алардын 18и ооруканага түшкөн

854

Билим берүү министрлиги билдиргендей, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгон. 6-класстын окуучулары атырдын жытына ууланган.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта, бардык окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн аларды кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

855