7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаранды алдап ири суммадагы акчасын алып, качып кеткен шектүү кармалды

346

Кара-Сууда  ири суммадагы  акчасынан кол жууган жаран милицияга кайрылган. Шектүү катары УКТ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагынын жаран 1963-жылы туулган Н.И.  арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу  2023-жылдын 24-декабрь күнү Кара-Суу районунун аймагында өзүн “Султан” деп тааныштырган жаран “Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын  бүтүрүп беремин”- деген шылтоо менен 9 000 (тогуз миң) АКШ долларын алып, изин жашырып  кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу  сот жообуна тартылган,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган, жаран 1990-жылы туулган И.И.  кармалып, камакка алынды.

Учурда ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

347