7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы тургундун үйүнө оор абалда келген… Таксист киши колдуу болду

760

Ош облусунда таксист киши колдуу болду. Маркумдун унаасы көчөдөн табылган. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында белгисиз азият улутундагы 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү ) негизинде кылмыш иши козголгон.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө ошол күнү Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын тургуну, 37 жаштагы Ж.Ж., аттуу жарандын үйүнө белгисиз жаран жараат алып, оор абалда келгендиги аныкталган.

«Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталды. Аталган факты боюнча маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, маркумга тиешелүү ак түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасы Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө табылган»,- деп берилет маалыматта.

Учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761