7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы жол кырсыктан 7 адам каза болуп, 9у ооруканада. Жаш балдар дагы бар

995

Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып 7 адам каза болду, дагы 9у ооруканда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Учурда жеринде КР ӨК министринин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы п-к Н.Шаматов абалды көзөмөлгө алууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

996