7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кара-Жыгач” ГЭСи ишке кирсе, 500 түтүндү электр энергиясы менен камсыздайт

230

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кубаттуулугу 1 МВт түзгөн “Кара-Жыгач” ГЭСи ишке кирсе, биринчи этапта 200 түтүндү электр энергиясы менен камсыздайт. Мындай маалыматты аталган ГЭСти куруп жаткан “Бризз” ЖЧК курулуш-монтаждоо уюмунун жетекчиси Мамбет Осокеев билдирди.

Анын айтымында, дагы бир жылдан кийин экинчи этапта кубаттуулук жогорулатылып, 500 түтүндү электр менен камсыздоого мүмкүнчүлүк бар.

“Учурда долбоорду экспертизалоо иштери аяктап калды. Суу алуучу түтүктөр, ирригациялык каналдар курулуп, деривациялык иштер бүткөрүлгөн. Кытайдан кийинки иштерге керектүү жабдыктар сатып алынып, бөлүк-бөлүк болуп азыр жолдо келе жатат. Жабдыктар толук келгенден кийин куруу иштерин июнь айында баштоону пландап жатабыз. Алгач ГЭСтин имаратын куруу иштери башталат. Буйруса август айынын аягына чейин курулуш иштерин аяктап, ГЭСти ишке беребиз”, — дейт Осокеев.

231