Каракчылык, аткезчилик жана 2014-жылдагы адам өлтүрүүгө шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Муса» каймана аты менен таанымал жаран 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу, ошондой эле Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында тоноо жана каракчылык кылуу менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү аныкталды. Бул боюнча «Кылмыштуу коомдошдукту түзүү же ага катышуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыштуу топ Баткен облусу аркылуу Тажикстанга эл керектөөчү товарларды аткезчилик менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган унааларды ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган.
Шектүү Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Аны тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынды:
- колго жасалган револьвер (1 даана) 6 патрону менен;
- ак порошок түрүндөгү баңгизаты бар баштыкча.
Кармалган адам мурда каракчылык, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча бир нече жолу соттолгон.
Андан аркы кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ош облусунун аймагында кылмыштуу топтун башка катышуучулары аныкталып, кармалды:
-
1984-жылы туулган К.Ы.. Буга чейин каракчылык, опузалоо жана тоноо боюнча бир нече жолу соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда Ф-1 гранатасы (1 даана) жана салмагы 8 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат табылып алынды;
-
1992-жылы туулган О.А.. Буга чейин адам уурдоо, ден соолукка атайылап зыян келтирүү, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда кесилген мылтык (1 даана), салмагы 4 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат (гашиш), кастет (1 даана) табылып алынды.
Аталган адамдар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна киргени жана “Дженго” деген каймана аттуу криминалдык төбөл Кадырбек Досонов менен түз байланышта болуп, уурулук идеологиясын ачык жайылтып, өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланганы аныкталды.
Топту андан ары иликтеп чыгуунун жүрүшүндө кармалгандардын 2014-жылы Баткен шаарында жасалган жеке ишкерге кол салуу жана өлтүрүүгө тиешеси бар болушу мүмкүндүгү маалым болду.
Алсак, 2014-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, А.Ш. менен А.Ш.га бычак колдонуп, акча талап кылышкан. Андан соң жабырлануучуларга бычак менен жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулар Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк жабырлануучулардын бири А.Ш. алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Тергөө амалдары уланууда.



