7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каракол» эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды

466

«Каракол» эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан билдирди.

Үч тамгадан турган уникалдуу код дүйнө жүзүндөгү аэропортторго Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) тарабынан берилет.

Код авиация тармагындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн стандартташтырылган системанын бир бөлүгү болуп саналат.

Атап айтсак, IATA коддору авиакомпанияларда, авиабилет саткан агенттиктерде, билеттерди брондогон системаларда колдонулат. Бул кодду жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн биркаларынан жана аба майдандарындагы маалымат такталарынан көрүүгө болот.

Эске салсак, Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт былтыр реконструкциялоо иштеринен соң ачылган.

467