7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол шаары менен Түркиянын Элазыг шаары кызматташууга кол коюшту

201

Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев Түркия Республикасынын Элазыг шаарынын мэри Шахин Шарифогллары менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында делегациялар символикалык түрдө Хазар көлүнөн алынып келинген сууну куюп, достуктун жана кызматташтыктын башаты катары белгилешти.

Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев келген конокторду жылуу тосуп алып, Каракол шаары ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле туризм тармагындагы бир катар жаңы долбоорлорду сунуштап, мындан аркы алакалардын кеңейишине өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Мэр Адиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновго терең ыраазычылык билдирди. Ал делегациянын облус башчысынын демилгеси жана колдоосу менен келгенин билдирди.

 

202