7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо келинди бир жашар баласы менен уурдап кетишкен. Алар кармалды

635

Каракол шаарында белгисиз жарандар келинди баласы менен уурдап кетишкен. Алар милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Каракол ШИИБне телефон аркылуу жергиликтүү тургун кайрылып, анын сиӊдисин 19 жаштагы А.Р.ди бир жашты баласы менен автоунаага күч колдонуп олтургузуп, белгисиз тарапка кетип калышканын билдирген.

Аталган маалымат Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, кылмыштын изин суутпай ачуу үчүн «Колго түшүрүү» операциясы киргизилген.

Автоунаа жана анын ээси, ошондой эле келинди баласы менен уурдап кеткен жер тез аранын ичинде аныкталган.

«Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну К.Ж.га тиешелүү болгон «ВАЗ-21074″ үлгүсүндөгү аныкталган автоунаа жөнүндөгү маалымат милициянын бардык постторуна кабарланып, аларды кармоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Автоунааны «Аалам Ордо» участкасынан токтотушуп, айдоочуну жана жүргүнчүлөрүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына автоунаа менен бирге өткөрүп беришкен», -деп берилет билдирүүдө.

Жабырлануучу 19 жаштагы келинди алдын ала сураганда, анын мурдагы күйөөсү, 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну К.Э. жана автоунаанын айдоочусу 55 жаштагы кайнатасы К.Ж., аны мурдагы күйөөсү жашаган жерге баласы менен алып кетүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Учурда бул факт боюнча иштин бардык жагдайлары иликтелип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636