7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

685

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат Каракол ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш — жаза кодексинин 183 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жарандын өздүгүн аныкталып, ал Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Э.Р. болуп чыкты.

Шектүүнүн үйүндө тинтүү иштери жүргүзгөндө сарайынан жалпы салмагы 25 килограммдан ашык жапайы кендирдин жыты бар кургатылган өсүмдүк жана желим идишке куюлган суюктук табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, салмагы 187 граммды түзгөн кургак өсүмдүк — марихуана баңгизат түрүнө кирерин, ал эми алынган суюктук, каннабис экстракты болуп эсептелерин жана суюктукта кургак заттын салмагы 527 граммды түзөрү аныкталган.

Шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686