7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады

614

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү — Сиздин Мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, Мамлекет башчысы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы. Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу өсүшүнүн, бакубаттуулугунун жана гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кыла берерине ишенем. Мен биздин достугубузду жана биздин мамлекеттер менен элдерибиздин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Сизге боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Казакстандын президентинин куттуктоосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615