7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү

556

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, «Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюштуруучусу катары саналат.

Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:

  • «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы» ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
  • Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557