7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каза болду деп 18 жаранга жалган ишеним каттарды даярдаган канал аныкталды

734

Учурда каза болгон деп саналган 18 жаранга жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткендер, алардын негизинде Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө мыйзам бузуулар менен жасалма токтомдор чыгарылган. Ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы филиалынын кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди андан ары сатуу максатында мыйзамсыз катташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, А.А.М. аттуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда, жер участокторун берүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштуруу фактысы тастыктаган (басып чыгаруучу машина, басып чыгаруучу машинанын бир эски түстү кагаз рулону, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө даяр токтомдор, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн мөөрү басылган А-4 форматтагы кагаздар, ири өлчөмдөгү чет элдик валюталар) материалдар жана буюмдар табылып алынды. Ошондой эле мыйзамсыз сакталган 15 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар алынган. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз берилген жердин жалпы аянты 5,5 гектардан ашык.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735