7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казак театры Бишкекте кыргыз чыгармаларын тартуулайт

278

Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры алгач ирет Кыргызстанга гастролго келди. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрынан билдиришти.

Гастролдун алкагында алар эки күн катары менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында өнөрүн көргөзүшөт.

19-май күнү — залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде сахналаштырылган, назик лирикага жана трагизмге, философияга жана түбөлүк адамдык суроолорго толгон “Шынарым менің, шырайлым менің” (“Чынарым менин, чырайлуум менин”) спектаклин тартуулашат.

Ал эми 20-май күнү көрүүчүлөргө — кыргыздын белгилүү драматургу Жеңишгүл Өзүбекованын аял тагдыры, энелик сезим, сыртынан көрүнбөгөн азап жана баарын өзгөрткөн тагдыр тандоосу тууралуу эмоцияга бай “Толгоо” пьесасын негизинде “Толғақ” спектакли тартууланат.

Маалыматка ылайык, спектаклдер саат 19:00дө башталат.

 

279