7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакбаев Украинадагы кырдаал боюнча: Чыр-чатакка жаңы мамлекеттердин тартылышы абалды курчутуп жиберет

719

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 16-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, анда Украинадагы кырдаал талкууланды.

Казакбаев кандай гана конфликт болбосун саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин, кызыкдар тараптардын бардыгы кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышы зарыл экенин белгилеген. Ошондой эле мурдагы механизмдер натыйжа бербей жатса жаңы форматты түзүүнү сунуштаган.

«Кыргызстан БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген, жалпы таанылган нормаларды жана эл аралык укуктардын принциптерин сактоону, ошондой эле мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Казакбаев Орусия менен Украинанын жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү уланып жатканын колдоп, бардык мамлекеттердин ортомчулук аракеттери менен демилгелери куралдуу чыр-чатакты токтотуп, тынчтыкка жетүүгө багытталганын кошумчалаган. Министр кыргыз тарап керек болгон учурда сүйлөшүүлөргө аянтча болуп бере аларын дагы бир ирет тастыктаган.

Министр азыркы чыр-чатакка жаңы мамлекеттердин тартылышы абалды курчутуп жиберерин, бул нерсе жай тургундардын өлүмүнө жана кыйроолорго алып келиши мүмкүн экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманарын жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720