Маңгыстау аймагында ак куулар дагы деле кырылууда. Бул тууралуу жергиликтүү «Лада» басылмасына Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү боюнча аймактык инспекциянын башчысы Габбас Досатов билдирген.
Маалыматка караганда, Каракыян районунун акимчилиги адамдарга деңиз жээгине барууга убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Полиция кызматкерлери жээкке жакын аймактарды күзөтүүдө.
«Каракөл көлүнөн 968 өлгөн ак куу табылды. Ошондой эле Каракыян аймагындагы деңиз жээгинен 20 канаттуу табылды. Өлгөн канаттуулардын саны 988ге жетти», — деди Досатов.
Ак куулардын өлүмү тууралуу алгач былтыр декабрь айынын аягында айтыла баштаган жана окумуштуулар өлүмгө куш тумоосу себеп болгон деген бүтүмгө келишкен. Кийинчерээк эксперттер тумоо вирусу экинчи даражадагы мүнөзгө ээ экенин, жапырт өлүмдүн негизги себеби тамак-аштын жетишсиздигинде жана катуу суукта экенин айтышкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө облустун экология департаментинин кызматкерлери Каракөлгө куйган суу ашыкча булганганын аныктаган. 9-январда Rixos Aktau мейманканасында пландан тышкаркы текшерүү башталганы кабарланган. Мейманкана саркынды суулар Каракөлгө агарын ырастаган. Бирок адегенде чыпкадан өтүп, түтүк менен жөнөтүлөрүн, тазаланган сууну көлгө агызууга компетенттүү органдардан уруксат бар экенин кабарлаган.
Каракөл – Актау шаарынан он чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан жасалма көл. Ал 1967-жылы Мангыстау атомдук электр станциясы үчүн тундурма бассейни катары курулган.