7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандагы камакта отурган кримтөбөл «Дикий Арман» дайынсыз болууда

1618

Казакстандагы баш аламандык учурунда кармалган “Дикий Арман” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиев абактан качып кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

“Кесиптештерим болуп ага эки жолу барганбыз. Акыркы жолу бир күн мурун. Биз менен бирге Башкы прокуратура тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык тергөө-ыкчам тобунун мүчөлөрү дагы барган. Сурак маалында Арман Жумагелдиев тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин айткан”, – деген анын жактоочусу Талгат Есимов.

Бирок жактоочулары 1-февралдан 2-февралга караган түнү кармалган адам СИЗОдон чыгарылганын билишкен. Бул тууралуу аларга маалымат берилген эмес.

Арман Жумагелдиевдин дагы бир жактоочусу Куат Салиев мыйзам боюнча, камактагы жарандын ар бир кыймылы боюнча жактоочулар кабардар болушу керек экендигин билдирген.

“Бирок бизге эч ким маалымат берген жок. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Арман Жумагелдиевди алып чыгып кетишкен, бирок азыр кайда экени белгисиз”, – деген ал.

Ошондой эле жактоочулары Арман Жумагелдиев өзүнө кол салышы мүмкүн эместигин айтышкан.

Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстанда кармалган. Андан кийин ал кыргыз модели Айкөл Аликжанованын жолдошу экендиги айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1619