7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам каза болду

359

Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан саат 23:00гө карата алынган маалыматына ылайык, учак кырсыгынан борттогу 67 адамдын 38и каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, калган 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жаткырылган. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.

Учакта 5 экипаж, Казакстандын – 6, Азербайжандын – 37, Россиянын – 16, Кыргызстандын – 3 жараны болгон. Белгилей кетсек, Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар 2004-жылы туулган А.Р.Т, 1998-жылы туулган О.Т.М., 1988-жылы туулган Д.Э.Д аттуу жарандар (эркек кишилер).

Кырсыктан кийинки авариялык-куткаруу ишине 97 техника, куткаруучу, дарыгер, психолог, полиция кызматкерлеринен турган жалпы 490 адам жана 10 кинолог тартылган.

Учурда ыкчам маалымат үчүн төмөнкү номерлер 8-7172-55-96-21 жана 8- 7292-31-90-91 иштеп жатат.

Күн мурун Казакстандын Актау шаарында Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан «Эмбреар — 190» учагы кырсыкка кабылган. Бортто жалпы 67 жаран болгон.

360