7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

203

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропорттон президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.

204