Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алмата шаарында уюштурулган маарекелик отурумдардын алкагында Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болгон. Төрага Талант Мамытов боордош эки элдин бардык багыттагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин белгилеп: “Бизди бир туугандык, коңшулук мамиле менен катар стратегиялык өнөктөштүк алака бириктирип турат”, – деди.
Ошондой эле ушул жылдын январь айында болуп өткөн окуяга байланыштуу көңүл айтты. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун да эске салган Талант Мамытов: “Буга байланыштуу быйыл бир катар эки тараптуу жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделген. Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев май айында Кыргызстанга расмий иш сапар менен келери күтүлүүдө. Бул иш сапар эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтебиз”,– деди. Муну менен бирге Маулен Ашимбаевди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.