7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын президенти Садыр Жапаровду куттуктап, кыргыз элине өнүгүүнү каалады

593

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Жогорку адеп-ахлактык идеалдарды ишке ашырган бул куттуу жаз майрамы руханий жаңыланууга, тынчтыкка жана биримдикке үндөйт. Эзелтен аздектеп келген Нооруз биримдиктүү боордош мамлекеттерибизге кубаныч жана береке алып келсин.

Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген Казакстан менен Кыргызстандын союзу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине терең ишенем. Нооруз ар бир үйгө байгерчилик жана өсүп өнүгүү алып келсин!», — деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго өлкөнүн туруктуу өсүп өнүгүүсү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594