7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кордай ашуусунда калган унааларды кыргыз куткаруучулары чыгарууда

437

Казакстандын жолунда кар күрткүдө калган унааларды кыргыз куткаруучулары чыгарууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кыргыз куткаруучулары Казакстандын Кордай районунун Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты.

Учурда кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын аткарып, боордош казак элине жардам берип жатышат. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек – Алмата» кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.

Кечиктирилгис куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.

 

438