7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кечирим сурашкан жок». Инспектордун огунан каза болгон айдоочунун апасы сотто көрсөтмө берди

1064

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Милициянын кайгуул кызматкеринин огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Маркумдун апасы өткөн жылдын 27-августунда уулу борбордук мечитке кеткен бойдон телефонго жооп бербей калганын айтты. «Кийинчерээк ал телефонун алып, анда баары жакшы экенин айтты. Арадан бир аз убакыт өткөн соң, мен ага кайра чала баштадым, бирок уулу телефонду албай койду. Анан мага телефон чалып, Абдрахманов менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине келүүнү суранышты. Башында алар баламды бирөө сүзүп кетти деп айтышкан», — деп белгиледи жабырлануучу.

Андан соң, Чыңгыз Абдыраевдин достору аны өлүкканага барууну суранып, окуя тууралуу айтып беришкени белгилүү болгон. Белгиленгендей, 2,5 айдан кийин айыпталуучунун ата-энеси барып, бирок кечирим сурашкан эмес. «Башында алардын кимдер экенин билген эмесмин. Бирок адамдар кызыктай суроолорду бере башташты, мен шектене баштадым. Анан алар шектүүнүн ата-энеси экенин айтышты. Үйүмө тынч келип, чай ичишкени менен эч качан кечирим сурашпаганына таң калдым», — дейт маркумдун апасы. 

27-августта Бишкекте Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1065